Байрон.Чыгармалар
Чыгармалар
Author: Байрон
Publisher: Кыргызмамбас
Publication date: 1960
Number of pages: 177
Format / Quality: PDF
Size: 1,9 Mb
Labguage: Kirghiz
Цитата:
Джорж Гордон Ноэль Байрон 1788-жылы 22-январда Лондондо туулган. Анын атасы Англиянын кедейленип кеткен эски аристократиялык уруусуна жаткан лорд болгон. Акындын энеси Шотландиялык бай үй-бүлөдөн болгон.
Келечектеги акын туулгандан бир аздан кийин эле эне-атасы ажырашып кетишкен. Акындын атасы аялынын байлыгын бүт жок кылып доочулардан кутулуш үчүн Францияга качып кетип, анда 1791-жылы өлгөн.РаскрытьБайрон балалык кезинин алгачкы учурун энеси менен бирге Шотландияда
өткөргөн. Алар киши менен катышпай турушкан. Байрон бала кезинен эле
тубаса аксак болгон, бирок анын аксак болушу мыкты сууда сүзгүч. боксёр
болууга жана атка мыкты минип жүрүүгө тоскоолдук кылган эмес. Келечектеги
акын, бала кезинен тартып эле өзүнүн Родинасы деп эсептелген Шотландиянын
табиятын өтө сүйгөн. Шотландиянын эл акыны Бернс мактап ырдаган тоолуу
Шотландиядагы дыйкандардын турмушунда ал кезде мурунку патриархалдык-
уруулук байланыштардын калдыгы бар болчу. Бул акындын эсинде эркиндиктин
символу катарында өмүр бою сакталып калган.
Байрон он жашка чыкканда, эки ата өткөн чоң атасы өлгөндөн кийин, лорд
деген титулдун мурасчысы болуп жана Ноттингэм графствосундагы Ньюстед
деген ата-бабадан калган поместьени ээлеген.
1807-жылы жайында анын биринчи ырлар жыйнагы «Бош убактыда» деген
ат менен чыккан. «Бош убактыда» деген жыйнакта Байрондун башка акындарды
туурап жазган, али өсүп жете элек ырлары көп болучу. Бирок ушул эле
жыйнактан Байрондун келечекте мыкты акын боло тургандыгы сезилген.
Байрондун 1809—1811-жылдарда чет өлкөлөргө саякат
кылышы, жаш акындын коомдук турмушка жакындашынын жаңы этабы болгон.
Байрон саякат кылган Европа жана Жакынкы Чыгышта согуш болуп турган.
Жаш саякатчы наполеондук интервенттерге катуу сокку уруп турган испандык
партизандарды—гверильястарды өз көзү менен көргөн. Ал түрктүк
янычарлардын таманы алдында эзилип жаткан жана элди боштондукка чыгаруу
үчүн күрөшкө күчүн жыйнаган Грецияны көргөн. Веллингтондун командасы
астында Пиренейде Наполеонго каршы урушуп жаткан Британиянын армиясын,
Британ флотунун Орто Жер деңизиндеги базасы болгон — Мальтадагы согуш
аракеттерин көрүп Великобританиянын реакциячыл өкмөтүнүн тышкы
саясатына Байрон сын көз менен баа берген
Уважаемый пользователь, вам необходимо зарегистрироваться, чтобы посмотреть скрытый текст!
Уважаемый пользователь, вам необходимо зарегистрироваться, чтобы посмотреть скрытый текст!
Уважаемый пользователь, вам необходимо зарегистрироваться, чтобы посмотреть скрытый текст!
Уважаемый пользователь, вам необходимо зарегистрироваться, чтобы посмотреть скрытый текст!
Поделитесь записью в соцсетях с помощью кнопок: