Иоганн Вольфанг Гёте. Тандалган ырлар

20.12.12 | yabgu

http//photoload.ru/data/8b/7d/27/8b7d27aad9f9384edcde343a562bca.jpg


Тандалган ырлар
Author: Иоганн Вольфанг Гете
Publisher: Кыргызстан
Publication date: 1983
Number of pages: 148
Format / Quality: PDF
Size: 3,4 Мb
Language: Kirghiz

Цитата:
Атактуу немис ойчулу, акыны Иоганн Вольфанг Геттенин кыргыз тилине которулуп чыккан ырлар жыйнагы.
Түзгөн Мырзаян Төлөмүшев.

Иоганн Вольфганг ГЕТЕ
(1749-1832), немис акыны

Жай иштесең, тыныгуусуз тырбаңдайсың.
***
Оюңда эмне болсо ага толгон-токой далил кыпчып буйтаңдатпай, дайыма түз айт. Канчалык көрүнгөн далилди келтирсең, баарыбир айткан-дегениң көп сөзгө айланып, сага кулак түргөндөр пикириңди да, далилиңди да укпайт.
***
Чындык карама-каршы эки пикирдин ортосунда дешет. Ишенбейм! Экөөнүн ортосунда балээден башка эчнерсе жок.
***
Чындыкка караганда катачылыкты оңой табасың.
***
Эгер өлүмдү таптакыр жоюуга мүмкүн болсо, ага эчбир жан каршы чыкмак эмес. А өлүм жазасын таптакыр жоюуга мүмкүн десекчи? Мүмкүн болгон күнү деле акыры аны баарибир калыбына келтирүүгө аргасыз болобуз.
***
Эчкачан жаңылбаган адамдар да бар, себеби алар эчкачан бирнерсе кылгылары келбейт.
***
Билимсиз кезде эмес, билимдүү болгон сайын билимиңден шектене бересиң.
***
Ким өтө билимдүү, көпчүлүк ага карама-каршы болору алдынала белгилүү.
***
Арким өзүнө керектүү кепти гана кулагына куят.
***
Арким өзүнүн жарытпаган акылы менен башкаларды да өзүндөй тарбиялаганга кыйын.
***
Адамдар кантип өзүн өзү тааныйт? Четте карап турбай, билегин түрүнүп ишке шымаланганда гана. Ишти баштап көр, өзүңдүн ким экениңди дароо билесиң.
***
Биринчи топчусун туура эмес бүчүлөгөн адам, кийинкилерин да туура эмес бүчүлөйт.
***
Лирика майда-чүйдөсүнө чейин аз-аз жөнөкөй болушу керек.
***
Жаштык - бир заматта айыккан оорудай.
***
Бизди бийикке чыккан тепкичтер эмес, бийиктик азгырат. Ага төмөндөн өйдө карайбыз да, бийикке жетчү жол түз болсо не дейбиз.
***
Айрым китептер окурман бирдеңке алсын үчүн эмес, болгону автору көнүгүү иретинде жарыкка чыгарган дөдөмөлдөр.
***
Айрым акындар дайыма өздөрүнүн таманын өздөрү соргон аюга окшош.
***
Көпчүлүктөн өткөн итиркейимди келтирген нерсе жок.
***
Башкаруучу болуш оңой, башчы болуш кыйын.
***
Жашообуздун поэзиясы - ырым-жырымдар.
***
Бактылуу адам укмуштун укмушуна да таңгалбайт.
***
Чынчыл болууга убада берем, бирок адилеттүү болууга эмес.
Уважаемый пользователь, вам необходимо зарегистрироваться, чтобы посмотреть скрытый текст!
Уважаемый пользователь, вам необходимо зарегистрироваться, чтобы посмотреть скрытый текст!
Уважаемый пользователь, вам необходимо зарегистрироваться, чтобы посмотреть скрытый текст!
Уважаемый пользователь, вам необходимо зарегистрироваться, чтобы посмотреть скрытый текст!

Поделитесь записью в соцсетях с помощью кнопок:

Просмотров: 1207
Рейтинг:
  • 5