“Жаны Ала-Тоо” - Эларалык адабий-кoркeм журналы - №1-2 - 2010

16.04.10 | Admin

http//photoload.ru/data/82/26/45/822645f78cd4ef55dde43f1febcd94ed.jpghttp//photoload.ru/data/60/4b/6e/604b6e8c425513619214d01bb23be73a.jpg


“Жаңы Ала-Тоо” - Эларалык адабий-көркөм журналы - №1-2
Author: Коллектив
Publisher: Бишкек
Publication date: 2010
Number of pages: 224+224
Format / Quality: PDF
Size: 2,6 Mb/2,6 Mb
Language:Kirghiz

Цитата:
Эларалык адабий-көркөм “Жаңы Ала-Тоо” журналы

Ардактуу окурмандар!

Калкыбыздын кеңири катмарынын алкоосуна арзыган мурдагы “Ала-Тоо” журналынын байманалуу сапарын улантып, элдик вазийпасын өтөө максатында “Жаңы Ала-Тоо” журналы жарык көрө баштады. Мурдагы журналдан айырмасы эларалык алкакта, чет элдик адабиятка жүз бурганы. Анткени, заман жаңы, окурмандардын да чет элдердин чыгармаларына суроо-талабы чоң.

“Ала-Тоо” журналы 1931-жылы Фрунзеде (азыркы Бишкек) чыга баштап, 1936-жылга чейин “Чабуул” аталып келген. 1937-1939-жылдары “Ала-Тоо” аталып, 1942-жылдан тартып 1956-жылга чейин “Советтик Кыргызстан” деген ат менен жарык көргөн. 1956-жылдан тартып туруктуу “Ала-Тоо” атын алган. Журналда А.Токомбаев, Т.Сыдыкбеков, К.Баялинов, А.Осмонов, Ч.Айтматов, Т.Касымбеков сыяктуу кыргыз адабиятынын залкар таланттарынын чыгармалары жарык көрүп, көптөгөн жаш калемгерлер өздөрүнүн чыгармачыл тагдырларын “Ала-Тоо” журналы менен байланыштырышкан. Журналдын нускасы 1968-жылы 28 миңге жеткен.

Тилекке каршы, токсонунчу жылдары журнал чыкпай калды. Мына бүгүн гана, 2009-жылдын май айынан журнал кайрадан сиздер менен, урматтуу окурман. Мезгил да жаңы, журнал да “Жаңы Ала-Тоо” аталды.

Кайрадан жаралган журналдын нускасы – 2000. Ал Кыргызстандын аймагында, КМШ жана Түркия өлкөлөрүндө таркатылат.

“Жаңы Ала-Тоонун” редакциялык кеңеши интернационалдык курамдан турат: Омор Султанов, Төлөгөн Касымбеков, Майрамкан Абылкасымова, Сагын Акматбекова, Кадыркул Даутов, Асан Жакшылыков, Айдарбек Сарманбетов, Светлана Суслова (Кыргызстан), Чингиз Абдуллаев (Азербайжан), Якуп Делиөмероглы (Түркия), Нурлан Орозалин (Казакстан), Давид Маркиш (Израиль), Бахти Мехмон (Тажикстан), Вадим Ковский (Россия).

Редакциянын электрондук дареги: turar@infotel.kg

Сонуркап окуңуз!

Директор, башкы редактор Тилек Мураталиев


“Жаңы Ала-Тоо” №1, 2010-жыл, январь

Уважаемый пользователь, вам необходимо зарегистрироваться, чтобы посмотреть скрытый текст!
Уважаемый пользователь, вам необходимо зарегистрироваться, чтобы посмотреть скрытый текст!
Уважаемый пользователь, вам необходимо зарегистрироваться, чтобы посмотреть скрытый текст!

“Жаңы Ала-Тоо” №2, 2010-жыл, февраль

Уважаемый пользователь, вам необходимо зарегистрироваться, чтобы посмотреть скрытый текст!
Уважаемый пользователь, вам необходимо зарегистрироваться, чтобы посмотреть скрытый текст!
Уважаемый пользователь, вам необходимо зарегистрироваться, чтобы посмотреть скрытый текст!

Password: turklib

Поделитесь записью в соцсетях с помощью кнопок:

Просмотров: 3997
Рейтинг:
  • 0